Биз менен байланышыңыз

Уран кенинин иштешине президент макул, тургундар каршы

Коом | 1 Апр 2019 | 1751 | 0

Борбордук Азиядагы уран компаниясы Кара-Балта тоо-кен комбинатына жана «Кызыл-Омпол» уран кенин иштетүүгө 30 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу кыргыз-орус аймактар аралык конференциясында орусиялык акционерлердин өкүлү Андрей Акимов, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын башчысы Данияр Исаков жана Борбордук Азиядагы уран компаниясынын негизги акционери Владимир Попов билдирген.

Алардын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков жана Орусия президенти Владимир Путиндин колдоосу аркылуу жер казынасын пайдалануу жана салымдар жаатында жигердүү иш жүргүзүлөрү күтүлүүдө. Бул ири долбоорлордун бири «Кызыл-Омпол» уран кенин иштеп чыгуу андан ары өнүктүрүү болуп саналат.

Балыкчы шаарынын жана Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн эли аталган уран кенинин иштетилишине каршы чыгып, нааразылыгын буга чейин да айтып келишкен.
Жергиликтүү тургун Жанарбек Өмүракуловдун маалыматына таянсак, кендин зыяндуулугу 1960-жылы далилденген.

— Уран кени боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун кабыл алуусунда болгонбуз. Кендин ишке кирүүсүнө каршылыгын билдирген 3500 кишинин колу коюлган катты берип чыкканбыз. Биз эмне себептен каршы болдук? Саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин атайын баяндамасы бар экен. Бул уран 1960-жылы эле изилденип, эгер ишке кире турган болсо, экологиялык жактан абдан чоң зыян алып келери ошондо эле айтылыптыр. Мындан тышкары, союз учурундагы мамлекеттик ишмер Ефим Павлович Славский да бул кенди иштетүүгө каршылыгын билдирип, элге зыяны чоң экендигин айткан экен. Биз ушуларга таянып каршылыгыбызды билдирүүдөбүз.  Бүгүнкү эксперттерге, комиссияга жана UrAsia in Kyrgyzstan компаниясына да ишенбейбиз.

Дагы бир тургун Ишен Календаровдун пикиринде, «Кызыл-Омпол» кенинин ишке кирүүсү туристердин санын азайтып, айыл чарбага залалын тийгизери анык.

— Өмүр бою геология тармагында иштеп кеткен аксакалыбыз бир чоң жыйында айтты эле: «Кенди ачтыра турган болсоңор, зыяны бүт Ыссык-Көлгө тийет», — деп. Кен иштеп баштаса, сырттан туристер келбей калат. Жергиликтүү элге, айыл чарба тармагына канчалык зыян алып келери айтпаса да белгилүү. Менимче, ар бир кыргыздын атуулу мындайга каршы болот.

Кызыл-Омпол аймагындагы чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ лицензияны UrAsia in Kyrgyzstan деп аталган компания 2010-жылы алып, эки жылдан кийин геологиялык-чалгындоо иштерин баштаган.

Мындан сырткары, 2018-жылы ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнүн Көк-Мойнок айылынын башчысы Майрамкүл Кыдыралиева айтып берди.

— 2018-жылдын 18-декабырында Бороновдун буйругу менен ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Комиссия 2019-жылдын март айына чейин изилдөө иштерин жүргүзүп, радиациялык таасирин текшерип, сууга анализ жүргүзгөн. Жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Баары макул дегенден алысмын, каршылар бар. Бүгүнкү күндө эл менен болгон жолугушуулардын натыйжасында көпчүлүгү түшүнүү менен кабыл ала баштады.

Кызыл-Омпол кенин ишке киргизүүдө гравитациялык деп аталган ыкмасы колдонулгандыктан зыяны аз, бирок элге пайдасы чоң. Жумушчу орундар түзүлүп, аймактын инфраструктурасы өнүкмөк. Мындай пикирин Тоң районунун акиминин орун басары Тимур Алымбеков билдирди.

— Уран азыр деле топурактын алдында, үстүндө жатат. Кенден болгону тазаланып, казылып алынат, ал эми иштетүү Кара-Балта тоо-кен комбинатында жүргүзүлөт. Эң зыяндуу жери ошол иштете турчу жер экен. Салыштырмалуу ой жүгүртүү керек. Эгер кен ишке кире турган болсо, 200-250дөй адамды жумуш менен камсыз болору айтылууда, жакшы социалдык пакеттерди сунуштоодо. Буга кошумча, бала бакча, ФАП курулуп, элдин саламаттыгы сыяктуу маселелер да жолго коюлмак.

Геологдор ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Кыргызбаевдин айтымында, уран кенинин ишке кирүүсүнөн ишкерлер гана пайда көрөт.

-Булар айтып жатат: «Биз аны ал жерден алып кетебиз, ташып кетебиз, эч кандай зыяны жок», — деп. Каякка алып кетсе да, баары бир экология маселеси пайда болот. Менимче, иштетет, пайдасын көрөт, андан соң «хвостохранилище» кылып таштап коёт, аны кайра иштете албагандан кийин калдык калат. Бул ишкерлерге пайдалуу болгону менен, өлкөбүзгө түйшүк жаратат.

Кошумчалай кетсек, «Кызыл-Омпол» уран кендер тобу Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан. Кызыл-Омпол тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1640-3000 метр бийиктикте. 1950–57-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. «Кызыл-Омпол» уран кендер тобуна Капчыгай, Көк-Мойнок, Ачыкташ кендери жана Суулуу-Сай, Узун-Сай чакан кендери кирет. Урандын рудадагы орточо өлчөмү — 0,052 %. Руданын кору жана ресурсу — 4150,548 миң тонна, урандыкы 2166,51 тоннанын тегерегинде.

Copyright © 2017 Maral FM