Биз менен байланышыңыз

Эрдоган: Жергиликтүү шайлоо демократиялык жол менен өттү

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 478 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркияда 31-мартта өткөн жергиликтүү шайлоолорду демократиялык жол менен өттү деп баалады. Бул тууралуу  trt.net.tr сайты билдирди.

«Жыйынтыктар көрсөтүп тургандай,  шайлоодо «Адилеттик жана өнүгүү» партиясы 2002-жылдын 3-ноябрындагы шайлоолордон бери кайра эсептегенде, чоң айырма менен биринчи партия болуп чыктык. Албетте, жеңишке жетпей калган талапкерлерибиз да болсо керек. Бул — улутубуздун баалоосу катары абыл алынышы керек», — деди Режеп Тайып Эрдоган.

Ошондой эле, Режеп Тайып Эрдоган, жыйынтыктарынын өлкөгө, улутка, шаарларга жана аймактарга пайдалуу болушун тиледи.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM