Биз менен байланышыңыз

Кыргыз спортчулары Малайзиядан жеңил атлетика боюнча 5 алтын медаль алышты

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 459 | 0

Кыргызстандын спортчулары Малайзиянын Гран-присинде жеңил атлетика боюнча беш алтын, 1 күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Спорттук оюн Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында өттү.

Аталган турнир биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Жалпысынан турнирге 14 өлкөнүн спортчусу, анын ичинен Кыргызстандан 4 адам катышты.

Аялдар арасында 100 жана 200 метрге чуркоо боюнча Анна Буланова чемпион болсо, Гүлшана Сатарова 800 жана 1500 метр аралыкта чуркоо боюнча 2 алтын медаль алды.

Эркектер арасындагы жарышта Мусулман Жоломанов 1500 метр аралыкта чуркоо боюнча алтын медалга, 800 метрге чуркоо боюнча күмүш медалга ээ болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM