Биз менен байланышыңыз

Асанов: Кооптуу аймакта жашагандар мажбурлап көчүрүлүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2019 | 526 | 0

Өлкөдө 4 миң 568 жаран жер көчкү коркунучу бар аймакта жашайт. Бирок, коопсуз жактарга жер которуу үчүн каражат алган 2,5 миңдей жаран бүгүнкү күнгө чейин көчө элек. Мындан улам учурда мажбурлап көчүрүүгө аргасыз болуп жатышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Мисалы, Баткен облусундагы кооптуу аймакта 11 үй-бүлө бар. Министрлик көчүрүп кетүү боюнча иш-чараларды уюштурганы менен тургундар жерин таштап кетпей тургандарын айтып, тил кат жазып беришкен. Мындан улам жергиликтүү бийлик жарандарды сотко берүүгө аргасыз болуп жатышат.

«Биз алардын өмүрүн сактап калуу үчүн мындай кадамга барууга аргасызбыз. Азыр биздин адистер жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Кооптуу объект кимдин балансында турса, өздөрү жээк бекемдөө жумуштарын жүргүзүшү керек. Дотацияда турган айыл өкмөттөрүнө биздин министрлик, өкмөт коргоо жумуштарын жүргүзүп беребиз», — дейт Алмаз Асанов.

Маалыматка ылайык, жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда көчөт отургузулуп жатат. Бул багыттагы долбоордун алкагында жыл сайын ар бир облустун аймагына 200 миңдей көчөт тигилип, аны атайын комиссия көзөмөлгө алат. Отургузулган көчөттөрдү кароо үчүн ӨКМ тарабынан каражат бөлүнүп турат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM