Биз менен байланышыңыз

Бурулайдын соту: «2 милиция акталсын, 3 милиция камалсын»

Кыска кабар | 29 Мар 2019 | 454 | 0

Бүгүн, 29-мартта Чүй облусунун Аламүдүн  райондук соту Бурулай Турдалиеванын өлүмүнө тиешелүү милиция кызматкерлеринин кылмыш ишин карады.

Соттук отурумда прокуратура беш милиция кызматкерин беш жылга абакка кесүүнү сурады. Ал эми жабырлануучу тарап эки милиция кызматкерин актап, 3 милиция кызматкерин 2,5 жылдан эркинен ажыратып берүүнү өтүндү.

Милиция кызматкерлеринин адвокаттары айыпталуучулардын күнөөсүз экендиктерин айтып, аларды актоону талап кылышты.

Эске салсак, 2018-жылдын 27-майында Бурулай Турдалиева Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Аны ала качкан Марс Бөдөшев 20 жылга эркинен ажыратылган.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM