Connect with us

Бурулайдын өлүмү боюнча шектүүнүн версиясы

Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 1141 | 0

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча иш каралып, негизги шектүү Марс Бөдөшев суралды. Ал 19 жаштагы кызды кантип өлтүргөнү эсинде жок экенин, көзүн ачканда ооруканада болгонун айттты.

Ал Бурулайды сыртынан 10 жылдан бери эле билгенин, атасы менен дагы чогуу иштешкенин айтты. Акыркы үч жылдан бери экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Турмушка чыгууну сунуштаганда Бурулай ага турмушка чыгуусуна апасы каршы экенин айткан.

«Анда апамды салып алып үйүңө баралы» десем болбой койду. Ошондо ала качты кылып алып кетейин деп автобекетке бардык. Маршруткамды ал жерге таштап, Бакай деген досумдун жеңил машиненсин сурап, ошону менен Таласка жөнөдүк. Жолдо апасына чалып «өзүмдүн көңүлүм менен кетип баратам» десе, апасы урушуп салды. Атасы менен сүйлөшкөндө дагы «өзүм кетип атам» деп айткан болчу. Атасы урушкан эмес«, — дейт Бөдөшев.

Бирок ал күнү баланын агасы жаш кызды ала качуу туура эмес болорун айтып, кайра артка кайтышкан. Кийин жолугушууга аракет кылып жолуга албай калгандыктан дүкөндөн чыгып бара жатканын көрүп, унаасына күч менен салып шаардан чыгып кеткен. Жолдо инспекторлор тосуп, милициянын пунктуна алып кетишкен.

«Милициянын пунктуна барганда чөнтөктө эмне бар экенин сурашты. Капчыгымдан башка эч нерсе жок болчу. Андан ары  райондук ИИБге бардык. Алгач үчөөбүздү бир бөлмөгө киргизишти да кайра Акмат экөөбүздү чыгарып коюшту. Кыз менен сүйлөшүп алайын десем киргизишкен жок. Болбойт окшойт деп турсам, Бурулай отурган бөлмөнүн эшиги ачык экен. Аны менен сүйлөшүп туруп калдым, ата-энең келсе сүйлөшүп жүргөнүбүздү айт деп сурандым. Ал болсо «айта албайм» деп баш тартып койду. Ошол маалда ким экенин билбейм, бирөө ызаланып, сөгүнүп өтүп кеткен. Мен аны карап калсам, Бурулай күлүп койгон. Ошол бойдон эмне болгонун билбейм, көзүмдү ачсам ооруканада жатыптырмын«, — дейт Бөдөшев.

Эске салсак, Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Марс Бөдөшев кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM