Биз менен байланышыңыз

Макулдашуулардан майнап чыгабы?

Саясат | 28 Мар 2019 | 908 | 0

Орус лидери Владимир Путиндин Бишкектеги мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда инвестиция, экспорт боюнча түзүлгөн келишимдердин жалпы суммасы 6 миллиард доллардан ашты. Мындан сырткары, «Кант» авиабазасынын ижара акысын көтөрүү макулдашылып, орус өкмөтү Кыргызстандын бюджетине колдоо көрсөтүү максатында 30 млн. доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам бермей болду. Мындай келишимдердин ишке ашуусу канчалык реалдуу? Путиндун мамлекеттик сапары Кыргызстан үчүн канчалык деңгээлде жемиштүү болду? — деген суроолордун тегерегинде серепчилердин ой-пикирин сурадык.

Орусия менен макулдашылган инвестициялык келишимдердин арасынан Кыргызстанга бир гана бюджетти колдоо үчүн каралган 30 млн. доллар келери анык. Ал эми калган макулдашуулар реалдуу эмес. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү инвестиция алууга эч кандай шарт түзгөн жок. Мындан улам бийлик коомчулукту алаксытуу максатында кайсы бир өлкөлөр менен келишимдер түзүлүп жатканы боюнча маалымат таратууда.

Калган 1 жарым млрд. доллар, 6 млрд. доллар Кыргызстанга келери реалдуу эмес. Муну өкмөт, бийлик жөн гана пиар катарында пайдаланып жатат. Тагыраагы, өзбектер, казактар чоң инвестиция алып жатат. Мындай сөздөр болгон соң, биздин өкмөт, айрым чиновниктер элге маалымат беришибиз керек, андыктан келишимдерди макулдашып койсок экен деген сөздөрдү чыгарып, коомду алаксытууда. Булар — бийликтин «мына жакшы иштеп жатабыз» деп айтышына аргумент катары жасалган иштер. Мен так айта алам, бүгүнкү күндө Орусиядан эч кандай ири инвестиция келбейт. Буга кошумча, биздин инвестиция ала турган экономикалык мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошондуктан, келишимдердин бири да ишке ашпай турган маселелер.

Экономист Искендер Шаршеев Орусия тараптан келген инвестиция аз экенин, жарыяланган ири долбоорлордун бири да ишке ашпай жатканын айтты.  Ал эми учурда түзүлгөн келишимдер ийгиликтүү иштеши, же кагаз бетинде калары убакыттан көз каранды экенин белгиледи.

— Тажрыйба көрсөткөндөй келишим көп учурда саясий болуп кетиши мүмкүн. Ал саясий нуктан фактыга өтөрүн убакыт көрсөтөт. Керек болсо, бизде ири суммадагы макулдашуулар абдан көп. Азырынча трендди карасак, Орусиядан импорт күчөп жатат. Бирок Кыргызстандын орус тарапка болгон экспортунун өсүшү жай. 

Кыргызстан учурда Орусия менен түзгөн келишимдерге абдан муктаж болчу. Бирок инвестициялык келишимдер өкмөттүн аракетине байланыштуу өнүгөт. Бул тууралуу саясат талдоочу Чынара Эсенгул билдирди. Анын баамында, Орусия бир топ макулдашууларга кол коюу менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Бирок көп нерсе Кыргызстан тараптан көз каранды. Өлкөдө саясий туруктуулук жок болгондуктан, бийлик бутактары элге, башка мамлекеттерге Кыргызстандын инвестицияларды натыйжалуу пайдалана аларын көрсөтүшү кажет.

— Кыргызстандын экономикасы өнүгүү жолуна чыга албай жатат. Андыктан, бул жаатка жардам керек болуп турган учуру. Биз Аравия өлкөлөрү менен жакындаштык. Геосаясий ой жүгүртүүгө келгенде, буга Орусия «кызгануу» менен да мамиле кылууда. Эгерде орус тарап башка өлкөлөрдөн инвестор алып келбегиле десе, биздин өлкө: «Анда өзүңөр каржылагыла», — деген принципти карманышы мүмкүн.

Ал эми эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов келишимдердин кол коюлушу менен кыргыз-орус кызматташтыгы бир тепкичке жогорулаганын белгилейт. Ал Путин мамлекеттик сапар менен келип жаткандыктан, макулдашылган долбоорлордун ишке ашуу ыктымалы жогору экенин айтып, бул жерде Кыргызстан чоң пайда тапканын кошумчалады.

— Орусия мамлекеттик сапардын арты менен Кыргызстан өзгөчө экенин көрсөтүүдө. Эки өлкө ортосунда тышкы саясатта да, экономикада да көйгөйлүү маселелер жок экенин бегилеп жатат. 10 млрд. долларга чейинки меморандум, келишимдерге кол коюла берет. Анын 30-40%ын ишке ашырса, жетишкендик катары бааланат. Экономикалык жактан эки тарап биргелишип иштөөгө баратабыз. Алсак, эки завод менен келишим түзүлдү. Мунун көп таасири болот, жаңы ишкерлер келет. Мындан сырткары, учурда геосаясий кырдаал оор. Аймактык, глобалдык чакырыктар бар. Аларга жооп берүү үчүн сөзсүз түрдө шериктеш мамлекеттер керек. Андыктан, макулдашуулар эки мамлекетке да пайдалуу болуп жатат. 

Белгилей кетсек, кыргыз-орус кызматташтыгында соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык, экологиялык чөйрөдө, өндүрүш секторлорундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерге жетишилген.

Copyright © 2017 Maral FM