Биз менен байланышыңыз

Дипломатиялык академия Орусия эл достугу университети менен кызматташат

27-мартта «Илим жана билим берүүнүн өнүгүшү – келечекке инвестиция» аттуу Кыргызстан  менен Орусиянын ректорлорунун биринчи форумунун жүрүшүндө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы Орусия эл достугу  университети (РУДН) менен билим жаатында кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле Орусия элдердин достугу  университети (РУДН) менен КМШ тармактык университетинин алкагында биргелешкен төмөнкү магистрлик программаларды түзүү жөнүндө кызматташтык келишимге кол коюшту.
• Эл аралык мамилелер ( Багыты: «Дүйнөлүк саясат»)
• Юриспруденция (Багыты: «Эл аралык укук»)
• Экономика (Багыты: «Эл аралык соода»)
• Менеджмент (Багыты: «Эл аралык менеджмент» жана «Эл аралык долбоорлорду башкаруу» )

Copyright © 2017 Maral FM