Биз менен байланышыңыз

Казакстанда кыйраган тик учак 13 аскер кызматкерин ажалга айдады

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 705 | 0

Кызыл-Ордо облусунда кыйраган Казакстандын Коргоо министрлигинин МИ-8 тик учагындагы 13 аскер кызматкери набыт болду.

Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги бүгүн билдиргенин tengrinews.kz басылмасы кабарлады.

“27-мартта машыгуу учурунда Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн тик учагы кыйроого учурап, андагы 13 аскер кызматкери аскердик милдетин өтөп жатып каза болду. Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн жеке курамы каза болгон аскерлердин жакындарына жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Коргоо министрлиги тарабынан аларга моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча чаралар көрүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Казакстан ИИМинин Чукул кырдаалдар боюнча комитетинин билдирүүсүнө караганда, Ак-Тау аймагынан Чымкентти көздөй бет алган төрт аскердик тик учактын ичинен МИ-8 тик учагы Жал-Агаш районунда кыйроого учурап, толугу менен күйүп кеткен. Кырсык “Алтын жебе” атайын бөлүгү комплекстүү машыгып жаткан маалда, катаал аба ырайынан улам болгону айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM