Биз менен байланышыңыз

Мектептеги мыйзамсыз акча чогултуулар боюнча кайда кайрылуу керек?

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Мар 2019 | 1345 | 1

Мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуулар боюнча ата-энелер 0554 33 66 58 номуруна кайрылса болот. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ата-эне мектепке ыктыярдуу түрдө жардам берет. Шарты жок болуп, Камкордук Кеңешине кошулбай турганы боюнча арыз жазган ата-энеден эч ким акча талап кыла албайт.

«Шарт-мүмкүнчүлүгү жок ата-энелер эгер кааласа, арыз жазып Камкордук Кеңешинен баш тартып койсо да болот. Камкордук Кеңешинин фондуна топтолгон каражат кайда жумшалып жатканы тууралуу мектеп жетекчилиги ар бир жарым жылдыкта ата-энелерге отчет берип турушу зарыл. Анан да, айта кетишибиз керек, мугалимдер айлыкты республикалык бюджеттен алат. Ал эми  мугалимдерди кызыктыруу максатында, ата-энелер өз ыктыяры менен Камкордук Кеңешинин каражатынын бир бөлүгүнөн айлык чыгарып берип турса болот. Ал ата-энелердин өздөрүнүн чечиминен көз каранды«, — дейт Жусупбекова.

Ата-энелер мектепке колдоо көрсөтүп турса, билим сапаты жана шарттары жакшырарын да белгилеп өттү.

Жусупбекова буга кошумча, мугалимдердин айлык акысын көтөрүү бонча Билим берүү министрлигинде жумушчу топ түзүлгөнүн айтты.

«Биз маяналарды мугалимдердин ишинин натыйжалуулугуна карап көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле мугалимдердин статусун көтөрүү боюнча адистер иш алып барууда«, — дейт орун басар.

Copyright © 2017 Maral FM