Биз менен байланышыңыз

Путинди Жээнбеков аэропорттон өзү тосуп алды

Кыска кабар , Саясат | 28 Мар 2019 | 480 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди.

Путинди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот.

Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат. Андан соң президенттер басма сөз өкүлдөрүнө маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Ошондой эле мамлекеттик сапардын жүрүшүндө өлкө башчыларынын VIII Кыргызстан-Орусия аймактар аралык конференциясына катышуусу жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй музейине баруусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM