Биз менен байланышыңыз

Ош базар жактан темир түркүк кулады

Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 615 | 0

Бүгүн 26-мартта түштөн кийин Бишкек шаарынын Ош базары аймагы тараптан, тактап айтканда, Чүй проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилишинен жарнак илинген темир түркүк кулап, бир маршруттук унааны жана бир жеңил унааны басып калды. Ушундан улам №2, №10, №14 троллейбустардын жүрүү багыттары убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

№2, №10, №14 троллейбустар убактылуу День Сяопинь көчөсү аркылуу Интергельпо көчөсүнө кирип, Москва көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишине чейин келет. Андан соң, мурдагы багытка өтүшөт.

Мурдагы схемалык кыймыл Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жолду калыпка келтиргенден кийин улантылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM