Биз менен байланышыңыз

Конор Макгрегор карьерасын жыйынтыктады

Кыска кабар , Спорт | 26 Мар 2019 | 571 | 0

Ирландиялык ММА мушкери Конор Макгрегор карьерасын жыйынтыктады. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бүгүн 26-мартта билдирди.

«Достор, бүгүн ММА  спортунан кетүүнү чечтим. Кесиптештеримдин баарына алдыдагы беттештерде ийгиликтерди каалайм. Мен эми карьерасын жыйынтыктаган кесиптештеримдин катарына кошулам. Башкача айтканда, пенсиядамын«, — деп жазды Макгрегор.

Конор Макгрегор эрежесиз эр уруш боюнча жалпысынан 25 профессионалдык беттеш өткөрүп, 21 жолу жеңишке жеткен. Акыркы жолу 2018-жылдын октябрь айында UFCнин чемпиондук куру үчүн өткөн таймашта орусиялык Хабиб Нурмогамедовдон жеңилип калган.

Copyright © 2017 Maral FM