Биз менен байланышыңыз

«Кандуу ыңкылаптарды маданият төңкөрүшүнө алмаштыруу зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2019 | 761 | 0

Жеке ишкер Жаңыл Тургунбаева “Марал” радиосуна берген маегинде: кандуу революциялардын ордун маданият төңкөрүшүнө алмаштыруу зарыл экенин,  адамдын аң-сезиминде, жан дүйнөсүндө төңкөрүш болмоюнча башка тармакта өнүгүү болбосун билдирүү менен бирге учурда дүйнө коомчулугунда креативдүү экономикага артыкчылык берилип жатканын айтып, мындай экономиканы чыгармачыл адамдар түптөй турганына токтолду.

«Роботтор эч качан экономиканы өнүктүрө албайт. Ошондуктан, адамдын креативдүүлүгүнө басым жасашыбыз керек. Биздин ата-бабалар илим, технологияны билбесе да, креатидүү экономиканы жасап коюшуптур. Алсак, музыкаларыбыз, кечээ жакында эле өткөн “Дүйнөлүк көчмөндөр оюну” технологияга берилип кеткен адамдарды таң калтырууда. Ата-бабалардан жаратманык касиет өттү. Ушул касиет менен эле дүйнөлүк экономикага чыксак болот. Элге ар бир адам ойлонсо, мыкты нерсе жасай алат деген түшүнүктү жеткиришибиз зарыл», — дейт Турганбаева.

Ал буга кошумча, маданият тармагында башкаруу аксап жатканына айтып, мамлекеттик органдар дагы башкаруу системасына төңкөрүш жасашы зарыл экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 24-марттан 7-апрелге чейин өлкө аймагында «Маданият төңкөрүшү» долбоору өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM