Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда жер титиреди

Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 843 | 0

Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 2019-жылдын 26-март күнү саат 08:04тө катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Саты, Таран-Базар айылдарында 3 баллга, Кара-Чолок, Калмак-Кырчын айылдарында 2,5 баллга жана Сары-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.

Бактыга жараша жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM