Биз менен байланышыңыз

Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадион оңдолууда

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 867 | 0

Бүгүн, 25-мартта Ош шаарынын мэри стадиондогу курулуш иштери менен таанышып, спорт сүйүүчүлөрүнө жакшы шарт түзүлө турганын билдирди. Бул тууралуу аталган мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Президенттибиздин аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча жарлыгын ишкерлер да колго алып, жардам көрсөтүшүүдө. Быйыл колдон келишинче оңдойбуз. Кийинки жылдардан адамдар отурган жайлардын үстүн жабууну да планга киргиздик”,-деди мэр Таалайбек Сарыбашов . 

Бүгүнкү күндө стадиондун дарбазасы, тепкичтер, VIP-зал, чуркоо тилкеси, ичиндеги жуунучу жай жана ажатканасы оңдоодон өтүүдө. Мындан тышкары талкаланган отургучтар алмаштырылып, стадиондун административдик имаратынын сырты оңдолууда. Көрүүчүлөр үчүн өзүнчө жаңы ажаткана да курулууда.

Калаа башчысы “Ошсвет” ишканасына түнкү жарыктандыруу боюнча да тапшырма берип, стадиондо түнү да машыгууга шарт түзүлүшү керектигин айтты.

Кошумчалай кетсек, быйыл ТҮРКСОЙ тарабынан Ош-түрк тилдүү элдердин маданий борбору деп жарыяланган. Ачылыш аземи 20-апрелде аталган стадиондо өтөт. Акматбек Сүйүмбаев стадиону 1960-жылы курулуп, 12 миң көрүүчүгө ылайыкташкан. Стадион капиталдык оңдоодон акыркы жолу 2000-жылы өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM