Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Веложолго муктаждык өстү

Коом | 25 Мар 2019 | 582 | 0

24-мартта Бишеке шаарында велосезон расмий түрдө ачык деп жарыяланды. Жарандарды сергек жашоого үндөө, велоспортту өнүктүрүүгө багытталган мындай жөрөлгө бир топ жылдан бери уюштурулуп келет. Деген менен калаа тургундары велосипед тебүү үчүн дагы деле тийиштүү шарттар түзүлбөгөнүн айтышат. “Эгерде атайын веложолдор курулса, коомдук транспорттон баш тартып, велосипедге өтмөкпүз. Натыйжада шаардын абасы таза сакталмак” деген жарандар да бар.

— Шаарда велосипед менен бардык жерде жүрүү ыңгайлуу эмес. Адыктан унаа менен жүрөбүз. 

— Жол акы салыштырмалуу арзан болгондуктан коомдук транспортту колдонобуз. Эгерде шарттар түзүлсө велосипедге өтмөкпүз.

— Жолдор велосипед тебүүгө жооп бербейт. Жол куруп жатканда веложолдорго көңүл буруу зарыл эле. 

— Веложолдор жасалса велосипед тепкен жаш балдарга да ыңгайлуу болмок. 

— Коомдук транспортто батпай кыйналганга караганда велосипед колдонуу ыңгайлуу. Бирок веложолдор унаа токтотуучу жайга айланып калган. Айла жок чоң жол менен жүрөбүз, бул кооптуу. Эгерде шарт түзүлсө велосипед тепкендер көбөймөк. 

Бирок Бишкек шаардык башкы архитектуранын жолдорду долбоорлоо бөлүмүнүн башкы адиси Үмөталы Алыбаев велосезонду ачуу иш чарасы уюштурулуп баштаган 2016-жылдан бери калаада велосипед айдоочулары үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгилейт.

— Күндөн-күнгө жакшырып жатат. Курулган веложолдорду айтсак, 2016-жылы Байтык баатыр, Жукеев, Токомбаев көчөлөрүндө жөө жүргүнчүлөргө да, велосипед айдоочуларга да өзүнчө жолдор курулган. Андан сырткары, Байтык бааттыр көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин Масалиев көчөсүн бойлой жолдун эки тарабында тең веложол бар. Ага чейин Токтогул көчөсүндө да бар эле. Бирок азыр ал жерде унаа токтотулуп, велосипед менен жүрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Балким жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айып салса, жарандар унааларын токтотпой калышмак. Веложолдорду курууну улантууга аракет кылып жатабыз. Веложолдорду көбөйтүү талабы туулуп, атайын комиссия мунун үстүнөн иштеп жатат. 

Деген менен Бишкекте велосипед колдонуучулар үчүн тийиштүү инфраструктура каралган эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билдирди. Эл өкүлүнүн баамында, шаарга веложолдор салынса көптөгөн студенттер жана жаштар унааларын велосипеддерге алмаштырат. Муну менен борбор калаанын экология маселеси аз да болсо чечилип, унаа тыгыны жоюлат.

— Шаардын түндүк жагында жашагандарга жумушка, окууга келип кеткенге оңой болуусу үчүн веложолдорду куруу зарыл. Жаштар, студенттер жадагалса электросамокаттарды сатып алууга даяр. Анын арты менен экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылабыз. Веложолдор салынса, автоунаалардын сына кыскарып, унаа тыгындары азаят. Учурда унаа токтотууга жер жок. Эгерде веложол курсак, мындай маселелерди чечмекпиз. Менин оюмча веложол куругууга эч ким деле каршы чыкпайт.  

Бирок мындан 1,5 жыл мурда транспорт каражаттарын колдонуудан баш тарткант Келдибек Абдикадыров жол эрежелерине маани берип велосипед тепкендин эч кандай коркунучу жок экенин айтат. Ал эгерде велосипедди тандагандардын саны өссө, мэрия шарт түзүп берет деген ойдо.

— Күн суук болгондо гана коомдук транспортко же унаага түшпөсөм, башка убакта ар дайым велосипед менен жүрөм. Велосипед менен жүргөндө негизинен ыңгайлуу эле. Велосипед тебүү үчүн шарт түзүлүшүн күтүп отуруунун кажети жок. Себеби велосипед колдонгондордун саны өссө, ойдогудай шарттар түзүлөт.  

Кошумчалай кетсек, 2017-жылы 921 адамдын катышуусунда сурамжылоо жүргүлгөн. Анда катышуучулардын 38 пайызы ыңгайлуу шарт түзүлсө, унаадан баш тартып, велосипедге өтүүгө макул экендигин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM