Биз менен байланышыңыз

Казакбаев: Бабановдун келери чын

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 1900 | 0

Өмүрбек Бабанов жакын арада чындыгында эле Кыргызстанга келет. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин Республика-Ата-Журт фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Маралга берген маегинде билдирди.

«Өмүрбек Бабанов жакын арада чындыгында эле Кыргызстанга келем деп жатат. Эки жума мурун 4-5 депутатыбыз менен Орусияга болгон иш сапарыбызда Өмүрбек Токтогулович менен дос катары, коллега катары жолугуштук эле. Ошондо да жакын арада Кыргызстанга келе турганын билдирди. Буга чейин да телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдө билдирип турган. Акыркы жолугушууда да ошентип айтты. Кудай буйруса жакын арада Өмүрбек Токтогуловичти Кыргызстандан көрөбүз,»-деди Руслан Казакбаев.

Copyright © 2017 Maral FM