Биз менен байланышыңыз

Жумабеков Кара-Буура районундагы бир катар мекемелерге барды

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 627 | 0

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Буура районундагы бир катар мекемелерге барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңешти басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар тобу “Сарымсак” суу каналынын оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

Аталган каналдын узундугу 21,78 километрди түзүп, буга чейин мамлкеттин бюджеттин эсебинен 8,7 километринин оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлгөн. Азыркы учурда аймактагы сугат жеринин аянты 1600 гектар, ал эми каналдын толук ишке киргизилиши менен сугат жерлеринин аянты 2 миң гектарга чейин кеңейет.

Андан соң Төрага Кара-Буура районундагы “Семетей” кинотеатрынын абалынан да кабар алды. Белгилүү болгондой аталган маданий жайды оңдоп-түзөө үчүн 10 миллион сом керек. Дастанбек Жумабеков аталган маселенин чечилишин өз көзөмөлүнө аларын убада кылды.

Эске салсак, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар тобу Талас облусунда иш сапар менен жүрөт. Делегация курамында депутаттар Гүлкан Молдобекова, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев бар.

Copyright © 2017 Maral FM