Биз менен байланышыңыз

[ФОТО] Баткенде өрүк гүлдөдү

Блог | 25 Мар 2019 | 1396 | 0

Дүйнөгө өзүнүн өрүгү менен таанылган Баткенде өрүк гүлдөдү. Бул аймакта ар бир үйдүн короосунан эң аз дегенде 10-15 түп өрүк багын көрүүгө болот.

Учурда өрүкзарлар аппак гүлүн ачып, айланага көрк берип турган чагы. Төмөндө сиздерге биздин Баткендеги угарман Мырза Добутовдон келген фото-баянды сунуштайбыз.

Баткенде өрүк жыл сайын март айынын 20ларында гүлдөп баштайт.

Айрым аймактарда климатка байланыштуу өрүк 10-15 күн эрте же кеч гүл ачат.

Баткендеги өрүк гүлүнүн кооздугун айрымдар Япониядагы «сакура» менен салыштырат.

Баткен облусунун дээрлик бардык айылында өрүк өсөт.

Бирок эң көп өрүкзарлар Баткен районун өзүндө, Лейлек районунун Булак-Башы, Арка аймактарында жайгашкан.

Баткенде ар бир үйдө жок эле дегенде 10-15 түп өрүк багы бар.

Өрүкзарлар гүлүн апрелдин башында төгүп, мөмөсү июнь, июль айларында бышат.

Copyright © 2017 Maral FM