Биз менен байланышыңыз

Өзгөндө окуучулардын чырында ок атылган

Кыска кабар | 24 Мар 2019 | 804 | 0

Өзгөн районунда жогорку класстын окуучуларынын ортосунда чыккан конфликте ок атылган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык 17-мартта Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Дыйкан айылынын 2002-жылы туулган У. уулу Н аттуу тургуну октон жаракат алып ооруканага түшкөнү кабарланган.

Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө кызматкерлери барып, окуяны аныкташкан. Жазы аймагынын үч жашоочусу, Жээренчи айылын көздөй бара жатышып, жолдон жабырлануучуну жолуктуруп сөз айтышып, чыр чыгарышып арасынан бирөөсү газ- травматикалык тапанчадан ок чыгарып, натыйжада У. уулу Н. аттуу жарандын мойнуна жана ээгине ок тийген.

Окуя  кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Конфликт 10чу жана 11чи класстын окуучуларынын арасында болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM