Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Астана шаары расмий түрдө Нур-Султан деп өзгөрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2019 | 1120 | 0

Казакстандын баш калаасы Асатана шаары Нур-Султан деп расмий түрдө өзгөртүлдү. Мындай жарлыкка бүгүн ишембиде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

“Казакстан Республикасынын борбору — Астана шаары Казакстан Республикасынын борбору — Нур-Султан деп өзгөртүлүп аталат”, — деп жазылат документтин текстинде.

Бул жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирээри белгиленген.

Касым-Жомарт Токаев өткөн аптанын шаршемби күнү Парламенттин палатасынын жыйынында борбор калаага өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин ысмын ыйгарууну сунуштаган болчу.

Казакстандын кош Парламенти биргелешкен отурумунда Астана шаарынын атын өзгөртүүгө байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү чечимин кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM