Биз менен байланышыңыз

Путиндин сапарында кайсы маселелер каралат?

Кыска кабар , Саясат | 22 Мар 2019 | 1163 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 21-отуруму жана эки тараптын бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда аймактар аралык конференция орун алат. Эки тарап соода-экономикалык кызматташтык, аймактардагы коопсуздук, Кыргызстандагы инфраструктуралык курулуштар тармагындагы долбоорлор жана Орусиядагы кыргыз мигранттары тууралуу сүйлөшүү болот.

Мурунку элчи Аскар Бешимовдун пикринде Путин менен болгон жолугушууда, Орусиядагы кыргыз мигранттардын маселелери негизги катары каралышы керек.

-Биздин чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз тууралуу сөзсүз түрдө сөз болушу керек. Жакында эле кыргыз мигранттары катышкан окуя баарыбызга белгилүү. Андан сырткары амнистия боюнча маалымат чыкты. Бул жакшы жаңылык. Ошондой эле маанилүү маселелердин катарында инвестициялык тармактар жана биздин ЕАЭСтеги ордубуз, бирикменин мындан ары кайсы багытта өнүгүүсү.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын «Русгидро» курмай болгон. Бирок иш создугуп 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган.

Саясяат талдоочу Чынара Эсенгул  Орусия менен Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча маселелерди чечип алуу зарылдыгын айтат.

-Экономика тарабынан айтканда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун иш алып баруусу каралышы керек. Фондко канча акча бөлүнөт, кандай максатта, кайсы багытта бөлүнөөрү тууралуу тактоо зарыл. Мындан башка бир ирээт иш аракеттер жүргүзүлүп кийин ишке ашпай калган Жогорку Нарын каскады боюнча Орусиянын көз карашын тактоо зарыл. Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лаваров келгенде, бул маселени кайра карап, сүйлөшсө болорун айтып кеткен.  

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда соода-экономикалык, коопсуздук жана миграция маселеси боюнча түзүлгөн бир топ келишимдери бар. Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин түзүлгөн келишимдердин аткарылбай калгандыгы боюнча маселе көтөрүшү керектигин Марат Казакбаев билдирди.

-Негизи, 2012-жылкы келишим боюнча Орусия 1 миллиард доллар берүүсү керек эле. Бир топ убакыт өтсө да келишим аткарылбай келет. Президент ушул аткарылбай калган маселелерди сөзсүз Орусиянын мамлекет башчысы менен сүйлөшүүсү керек. Мындан башка, миграция, коопсуздук, экономикалык интеграция жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун маселелери каралып, тийиштүү деңгээлде чечилери күтүлүүдө.

Кыргызстанга 4-5 жылга экономикалык багыт, долбоорлор керек. Ошол эле учурда Орусия үчүн Кырыгзстан да стратегиялык өнөктөш, дос катары маанилүү. Алдыдагы жолугушуу эки өлкө үчүн да тарыхый окуя. Мындай пикири менен эл аралык маселелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетов бөлүштү.

-Бизге алдыдагы 4-5 жылга экономикалык багыттагы ири долбоорлор керек. Ошондой эле түшүнүү керек. Орусияга бүгүнкү күндө бир топ эл аралык санкциялар иштеп жатат. Орусия Кыргызстанды стратегиялык, саясаттык өнөктөш, дос катары кабыл алат. Жогорку дипломатия жагынан караганда мамлекеттик сапар жумушчу, расмий сапарларга караганда жогору турат. Мен адашпасам Орусиянын президенти мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга биринчи жолу келет.

Кошумчалай кетсек, Владимир Путин расмий сапары менен Кыргызстанга акыры жолу 2017-жылдын 28-февралында келген.

Copyright © 2017 Maral FM