Биз менен байланышыңыз

Бишкекте XIV эл аралык «Оруссия гүлдөрү» маданият фестивалы өтөт

Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 530 | 0

Бишкекте Оруссиянын маданият күндөрүнүн алкагында XIV эл аралык «Оруссия гүлдөрү» маданият фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган фестиваль 25-марттан 30-мартка чейин өткөрүлмөкчү.

Фестивалдын программасы маданий жана билим берүү багытындагы иш чараларды камтып, Бишкек шаарынын тургундарын Оруссиянын таланттуу балдарынын чыгармачылыгы менен тааныштырат.

Кошумчалай кетсек, аталган долбоор Россиянын искусство жана билим берүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө максатында 2013-жылы түзүлгөн. Ошондон бери «Оруссия гүлдөрү» фестивалынын программасы Прага, Вена, Милан, Мюнхен, Хельсинки, Братислава, Афины жана башка дүйнөдөгү ири маданий борборлорунда тартууланган.

Copyright © 2017 Maral FM