Биз менен байланышыңыз

Праганын ооруканасында сыркоолор палатасында ок атылды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2019 | 694 | 0

Чехиянын Прага шаарынын «На Виноградах» ооруканасындагы төшөктө жаткан сыркоо палатада ок атты. Ооруканадагы эки сыркоо атылган октон жаракат алды.

Бул тууралуу чехия полициясынын өкүлү Ян Данек маалымат каражаттарына бүгүн билдиргенин tass.ru агенттиги жазды.

«Прага шаарынын «На Виноградах» ооруканасынын гематология бөлүмүндө ишембиге караган түнү ок атылды. Ооруканага жаткырылган сыркоо өзү менен кошо палатада жаткандарды тапанча менен аткан.

Нөөмөттө турган медайымдар сыркоодун колунан тапанчасын алп коюшкан.

Жаракат алгандардын биринин абалы оор экенин дарыгерлер белгилеген. “Анын абалы оор”,- деп билдирген Ян Данек.

Copyright © 2017 Maral FM