Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Орусиянын экономика министирлеринин катышуусунда бизнес-ланч өтөт

Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 676 | 0

Кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференциянын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын экономика министирлери Олег Панкратов, Максим Орешкин жана ишкерлердин катышуусунда бизнес–ланч болуп өтөт.

Аймактар аралык VIII кыргыз-орус конференциясы 27–28-мартта Бишкек шаарында Оруссиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлмөкчү.

Жыйындын программасы боюнча тегерек столдорду өткөрүү болжолдонууда. Анда ЕАЭБтин алкагында интеграциялык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруунун жолдору, ошондой эле эки тараптуу кызматташууну жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.

Бул жыйында ошондой эле региондордун жетекчилеринин жана бизнес-коомчулуктун ортосунда бир катар макулдашууларга кол коюу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM