Биз менен байланышыңыз

Көк-бөрү: Финалда “Достук” менен “Ынтымак” беттешет

Кыска кабар , Спорт | 21 Мар 2019 | 970 | 0

Бүгүн Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданында Көк-бөрү «Нооруз-2019» мелдешинин чечүүчү финалдык беттештери болот.

Мелдештин Биринчи лигасынын финалында «Алкан-Ата» жана «Келечек» командалары баш байге үчүн күч сынашат. Ал эми Жогорку Лигада “Достук” менен “Ынтымак” командалары финалга чыгышкан.

Кечээ биринчи лигада «Соң-Көл» командасы «Казарман» командасын утуп, “Көк-бөрү Нооруз-2019” мелдешинин коло байгесине татыды.

Ал эми жогорку лигада «Бакубат-Талас» командасы «Көк-Жал» тобун 7:1 эсебинде утуп, “Көк-бөрү Нооруз-2019” мелдешинин коло байгесин утту.

Copyright © 2017 Maral FM