Биз менен байланышыңыз

Шаар күнүнө карата өткөн ат оюндары жыйынтыкталды

Кыска кабар , Спорт | 29 Апр 2019 | 749 | 0

Бишкек шаарынын 141 жылдыгына карата «Аккула» ат майданында өткөрүлгөн ат оюндарынын финалдык бөлүгү кечээ 28-апрелде жыйынтыкталды.

Көк бөрү боюнча өткөрүлгөн финалдык беттеште 1-орунду Бишкек шаарына караштуу Свердлов районунун «Келечек» командасы алып, 350 миң сом акчалай сыйлык жана Бишкек шаарынын мэринин кубогу менен сыйланды. Мындан тышкары, 2-орунду Ленин районунун «Четинди» командасы, 3-орунду Чүй областынын «Ак жол» командасы, 4-орунду Сокулук районунун «Төш-Булак» командасы алган.

Ал эми кунан чабышта Нурдин Абдразаковдун Жылдыз аттуу кунаны биринчи келип, аттын ээси 150 миң сом менен сыйланды. Жорго салдырышта «Асанбек ата» жылкы чарбасынын жоргосу Кабылан биринчи келип, аттын ээси 250 миң сом алды. Ошондой эле, аламан байгеде биринчи келип Жайдар Талантбек уулунун күлүгү Делфин ээсин 300 миң сом байгеге ээ кылды.

Copyright © 2017 Maral FM