Биз менен байланышыңыз

Көк-бөрү «Нооруз-2019»: Коло байгеге таймаштар болот

Кыска кабар , Спорт | 20 Мар 2019 | 1024 | 0

Бүгүн Бишкектин «Ак-Кула» ат майданында Көк-бөрү «Нооруз-2019» мелдешинин коло байге үчүн беттештери болот.

Таймаш Биринчи жана Жогорку лигадагы командалардын арасында өтөт.

Биринчи Лиганын коло байгеси үчүн «Казарман» жана «Соң-Көл» командалары таймашат. Беттеш саат 13.30да башталат.

Ал эми Жогорку лигада «Бакубат-Талас» менен «Көк-Жал» командаларынын беттешинен соң коло байгенин ээси аныкталат. Бул беттеш саат 15:00гө белгиленген.

Эске сала кетсек, Көк-бөрүдөн «Нооруз-2019» мелдешинин Биринчи лигасынын финалында «Алкан-Ата» жана «Келечек» командалары баш байге үчүн күч сынашат. Ал эми Жогорку Лигада “Достук” менен “Ынтымак” командалары финалга чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM