Биз менен байланышыңыз

«Ынтымак» партиясы талапкерлердин тизмесин жарыялады

Кыска кабар | 11 Окт 2021 | 1483 | 0

Бүгүн, 11-октябрда «Ынтымак» саясий партиясы съезд өткөрүп, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесин тактады. Бул тууралуу партиянын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Тизмеден белгилүү болгондой, алдыңкы катарда партиянын лидери, депутат Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешов, мурдагы инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов, Бишкек мэринин мурдагы аппарат башчысы Балбак Түлөбаев бар.

Ошондой эле жаштардан Адинай Марипова, Бакыт Тентишев, Гүлнара Ташибекова, Нурболот Мирзахмедов, Жаркынбек Касымбеков, Эрулан Көкүлов, Лейла Лурова, Вероника Исаева, Канат Мидин уулу да «Ынтымак» партиясы менен шайлоого катышат.

«Ынтымак» — Кыргызстандын саясий аренасында жакында эле пайда болгон партия. Буга чейин жергиликтүү кеңештерге талапкерлерин көрсөтүп, 11 шаардык кеңештен мандат алган.

Сүрөт «Ынтымак» саясий партиясынын Facebook баракчасынан алынды

Copyright © 2017 Maral FM