Биз менен байланышыңыз

Ат-Башы районундагы Чатыр-Көл кинотеатры пайдаланууга берилди

Ат- Башы районундагы А. Сабырахунов атындагы “Чатыр — Көл” кинотеатры толук оңдоп түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Кинотеатрдын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Батырбеков, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Эске салсак, аталган кинотеатр 1968 – жылы курулуп, 1970 — жылы колдонууга берилген. Ошол убактан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Ал эми 2018–жылы театрды оңдоп түзөө иштерине республикалык бюджеттен 7 млн 600 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жылуулук берүү системасы, керектүү инвентарлар жана имараттын ички жана тышкы келбети толугу менен оңдолду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM