Биз менен байланышыңыз

«Ата Мекен» 23-апрелде тынчтык митингине чыгат

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 608 | 0

«Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү 23-апрелде тынчтык митингине чыгат. Бул тууралуу фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Алар «Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттордон адилеттүү, мыйзамдуу чечим чыгарып берүүсүн талап кылышат.

Учурда атайын штаб түзүлүп, уюштуруу иштери башталат.

Эске салсак, Текебаевдин иши 23-апрелде Жогорку Сотто караларын буга чейин «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова кабарлаган.

26-февралда БУУнун Адам укуктары боюнча комитети да Текебаевдин ишин кароого макулдук берген.

Текебаевге карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM