Биз менен байланышыңыз

Президент чек арадагы жаңжал үчүн күч түзүмдөрүн сындады

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 868 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта Баткен облусундагы чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрүп, чек арада чыр чыккандыгы үчүн күч түзүмдөрүн сынга алды.

Жыйынга президентинин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев катышты.

Президент чыр-чатакты болтурбоо үчүн калк арасында алдын ала жеткиликтүү иш жүргүзүлбөгөндүгүн сындады.

«Өлкөдөгү бейпилдик жана тынчтык чек арадагы туруктуулукка байланыштуу болот. Кандай кырдаал түзүлбөсүн, озунуп иштеп, жергиликтүү бийликтин жана калктын өкүлдөрү менен биргелешип маселелерди чечүү зарыл. Ар кандай бузуку аракеттерге жол бербегиле», — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы мындан тышкары, чек арага чектеш аймактарда социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү жана калктын талаптарын өз убагында чечүү зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM