Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын жаңы президентин куттуктады

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 726 | 0

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта, Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын Президентинин кызматына киришкени менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды.

“Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелер биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз менен элдерибиздин байгерчилиги жана өнүгүүсү үчүн мындан ары да бекемделе берет, деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”, — деп айтылат Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда.

Бүгүн Касым-Жомарт Токаев Казакстандын элине ант берип, президенттик кызматка расмий киришти.

Эми Токаев 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин өлкөнүн президенти болуп калат.

Copyright © 2017 Maral FM