Биз менен байланышыңыз

Абдишарип Бекилов Гидрометеорология борборуна жетекчи болду

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 532 | 0

Абдишарип Бекилов Кыргыз гидрометеорология борборунун башчысы кызматына дайындалды. Мындай буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү бүгүн билдирди.

Абдишарип Бекилов буга чейин аталган мекеменин башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

Copyright © 2017 Maral FM