Биз менен байланышыңыз

Парламент Баткендеги чек ара чатагы тууралуу маселени карайт

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 474 | 0

Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумда Баткен облусунда өткөн аптада кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болуп өткөн окуяны талкууга алат.

Чек арада чыккан чатакта жолдор тосулуп, дээрлик 5 күн жабык турган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 18-мартта ачылды. Парламент жалпы жыйында чек арадагы окуя боюнча Өкмөттүн маалыматын угат.

Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоорун Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети алып чыгууда.

Copyright © 2017 Maral FM