Биз менен байланышыңыз

Аба-ырайы: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 453 | 0

Кыргызгидромет борбордун маалымдашынча, бүгүн 20-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +19, Талас, Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +18 градуска жетери болжолдонду.

Ысык-Көл аймагында +11, Нарын облусунда +8 градус болмокчу.

Ош шаарында жамгыр жаап, абанын температурасы +17 градус болсо, Бишкекте күн ачык болуп, күндүн табы +18 градуска көтөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM