Биз менен байланышыңыз

Сагыныч: «Ырлардын санына эмес сапатына басым жасайм»

“Желе шоу” программасына ырчы Сагыныч мырза студиябызга келип, маек куруп берди.

-2014 – жылдан тарта күйөрмандарым үчүн “көрүнбөй кетти” дедирбей бир жылда бирден ыр, клип тарттырып коюп жатам. Бирок быйыл жакшылап иштеп, жаңы деңгээлге чыгайын деген максатым бар. Жыл аягында жыйынтыкка чогуу күбө боло аласыздар. Ал эми ырларым аз болгонунун себеби, мен көбүнчө санга эмес сапатка иштейм. Кийин артты карап кылчайганда уялбагандай болушум керек.

-Ырчыларга эң башкысы — ырынын өмүрү. Ал эми стиль, өзгөчөлүк менен көп болсо  2 жылга чейин гана атактуулукту кармай аласың. Ошондуктан өзгөчөлөнүп чыгууга деле умтула бербейм, ырларым элдин жүрөгүндө калса болду. Азыркы учурда репертуарымда 15ке жакын ырым бар. Чогултуп  альбом кылып чыгарсам деп пландап жатам.

-Шаарга жаңы келип официант болуп иштеп жүргөн учурда биздин кафеге келген ырчыларды көрүп аябай сыймыктана берчүмүн. Бир күнү ырдап көрөйүнчү деп ырдап калсам ал кафедеги агаларым  “сенден мыкты ырчы чыгат, аракет жасап көрбөйсүңбү” деп айтышканы эсимде. Ошондон тарта чыгармачылыкка кызыгуум башталып, ырларды жаздырып баштагам.

-“Кыбыраган кыр ашат” дегендей азыркы тапта бир нече ырларды, клиптерди угармандарыма тартуулап келе жатам.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM