Биз менен байланышыңыз

Акматалиев: Атамбаевде башынан эле саясий маданият жок

Күн чабыт | 17 Мар 2019 | 1713 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуясын эскерүүдө айткан сөздөрү социалдык тармактарда талкууга алына баштады. Айрымдар анын лексиконун экс-президенттин деңгээлинде эмес деп жатышат. Депутаттар жана Сооронбай Жээнбеков тууралуу айткан сөздөрүнүн алкагында Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмаз Акматалиев менен маек курдук.

-Алмазбек Атамбаевдин 17-мартта айткан сөздөрү талкууга түштү. Ал жерде абийирге таасир эткен сындар болгонун да жазып жатышат. Сиз анын кайрылуусун уктуңузбу? Кандай бааладыңыз?

-Экс-президенттик – улуу макам. Ошону Алмазбек Атамбаев өзү түшүнгүсү келбей жатат деп ойлойм. Ал дагы эле «мен бармын, күрөшөм» деп мурдагы эле риторикасын колдонуп жатат. Бакиевге, Акаевге каршы күрөшкөнүн, Аксы окуясында жүргөнүн өзүнүн саясий максаттарын аныктоого пайдаланып жатат. Мындай кайрылууларды канча көп жасасам Жээнбековдун аброю ошончо түшүп, меники көтөрүлөт деп ойлоп жатат. Бул – атайлап жасалган иш, көрө албастык. Келечек тууралуу биргелешип кыла турган иштерди сунуштаган жок да.

-Экс-президенттин мындай сөздөрүнө саясий маданият тарабынан кандай баа берүүгө болот?

-Тилекке каршы, экс-президентибизде саясий маданият башынан эле жок болгон. Батыштын саясий маданиятында жаманатты кылып, атайын «сары прессаларды» колдонуп жүрүшөт. Бирок биз кыргыз коомчулугунда болгондон кийин анын өзүнүн баалуулуктары бар. Өзү колдогон, алып келген президенттерди ушундай сөздөр менен айтышы өзүн аброй алып келбейт. Анын бул жолку сөзүн мен чоң саясий ката катары эсептейм. Бул кайрылуусунда жаңы нерсе жок, эски эле тема, эски дооматтар. Болгондо да «100 грамм» деген сөздөрдү кошуп сүйлөп жатканы анын өзгөрбөгөнүн дагы бир жолу көрсөттү. Ал баягы эле бойдон. Анын риторикасы жаз келип дагы да күчөйт.

-Мындай сөздөр аркылуу азыркы президенттин аброюн түшүрүү максаты да көрүлүшү мүмкүн да. Бул тариздеги кайрылуулар элге канчалык сиңет, таасири болобу?

-Менимче, элге сиңбейт. Мындай сөздөрдү өзү таза, ыплас жолго түшпөгөн адам айтышы керек. Жанында жүргөндөр саясий куугунтук болуп жатат дешүүдө. Биз Атамбаевдин учурунда саясий куугунтуктардын ар кандай жолу колдонулганын билебиз да. Эң ыпласынан баштап эл аралык шылуундардын көрсөтмөсүнө таянып соттолуп кеткендер болду. Өзү ушундай иштерге аралашпаган, кынтыксыз аброю бар адам айтса, элге сиңет. А Атамбаевдин жанындагылардын эмне болуп жатканы маалым. Бишкек жылуулук борборунан, музейден акча уурдагандарды эл унутпайт. 600 доллардык ат тиштерди эч ким унутпайт. Азыр сот, тергөө жүрүп жатат. Мен ушулардын айынан дагы бир нерсе чыгып кетпесин деп коркуп жатат деп ойлонуп калдым.

-Президент Сооронбай Жээнбеков мындай дооматтарга жооп бериши керекпи?

-Азыркы президенттин да өзүнүн командасы бар. Алар менен кеңешип кандайдыр бир деңгээлде жооп берсе керек. Бирок негизги эле жооп таза иштөө, реформаларга жол ачуу, мыкты кадрларды тандоо, конкреттүү жыйынтыктар болушу керек.

Экс-президент деле жаңы эч нерсени айткан жок. Бул сөзүн бир жылдан бери эле айтып келе жатат. Анын сын айтканга укугу бар. Бирок аныкы курулай эле сын болуп жатпайбы. Атамбаев эмне сунуш берип жатат? Экономикада, реформада кандай сунуштарды берди? Коопсуздук, адам укугу боюнча эмнени сунуштады? Экс-президент сындасын, ошого жараша сунуштарын да айтышы керек. Маселе ошондо. «Сен туура эмес кылып жатасың» дегенден башка сунуш жок. Биз ал баскычтардан өткөнбүз деп ойлойм.

Экс-президент деген – институт, маанилүү нерсе. Ошону кабылдап кеткенге азыр Роза Отунбаевадан кийин эле Атамбаев турат. Отунбаева экс-президенттин коомдогу ордун аныктап келе жатат. Атамбаев да ошол жолго кошулушу керек. Бирок кекчил, бат таарынган кишилер бул макамга татыктуубу же татыктуу эмеспи, Кудай билет.

-Рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM