Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Мен 7 жыл Атамбаевге оппозиция болгом

Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 842 | 0

Аксы окуясына карата өткөрүлгөн иш чарага экс-депутат Равшан Жээнбеков катышып, аксы окуясынан ар дайым сабак алыш керек экендигин айтуу менен бүгүнкү бийликке бир нече сындарды айтты.

Аксы окуясынын болгонуна 17 жыл болду. Дайыма сабак ала турган окуялардын бири болуп эсептелинет. Бул бийлик менен элдин ортосундагы араздашуу же болбосо маселе талашуу, дайыма баланстуу болуш керек экенин көрсөткөн нерсе. Өзгөчө биздин бийлик адамдарына, Өкмөткө, президентке сабак болуп эсептелинет. Аксы окуясын терең көңүл бөлүп карай турган болсок, бул бийликке келечекке караганга, ката кетирбегенге жана элинен коркуп мамиле кылганга сабак болуп эсептелинет”,-деди Равшан Жээнбеков.

Ошондой эле экс-депутат Равшан Жээнбеков бүгүнкү бийликтин үй-бүлөлүк башкарууга өтүп жатканын эскертүү ирээтинде айтты.

Үй-бүлөлүк башкаруу, кландык башкаруу, тууганчылык башкаруу коркунучу кайрадан пайда болду. Президенттин баардык жакындарынын бүгүнкү күндө бийликте отурушу кайрадан үй-бүлөлүк башкарууну эскертип койду. Бул Кыргызстандын жолу эмес, силер башка багытка кетип жатасыңар, биз ошону эскертебиз силерге”, -деди Жээнбеков.

Мындан сырткары бир топ саясатчыларды оппозиция болууга чакырып, жакшы мамлекетте оппозициянын саны көп боло турганын айтты.

Мен 7 жыл Атамбаевге оппозиция болгом. Сыймыктанып айта алам. Бирок мен президент Атамбаевге саясатчы болгом. Каршы турган оппозиция болгом. Менин маданий түшүнүгүм президенттерге оппозиция болгонго түртөт. Саясатчымын дегендер, оппозициямын дегендер, мамлекеттин келечеги үчүн күрөшөбүз дегендер Атамбаевге эмес, Жээнбековго оппозиция болгула,”- деди Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM