Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Аксы окуясында курман болгондорго арналган музейге барды

Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 504 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта Аксы районунун Кара-Суу айылында 2002-жылдагы Аксы окуяларында курман болгондордун элесине арналып курулган музейге жана жаңы курулган спортзалдын ачылышына барды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Жеңижок атындагы этнографиялык музейдин территориясында Аксы окуяларынын 10 жылдыгына карата 2012-жылы курулган музейди көрүп чыгып, музейдин айланасындагы жерге бак отургузду.

Ал ошондой эле жергиликтүү калктын колдоосу менен ашар ыкмасы менен курулган «17-март» спортзалынын ачылышына катышты.

Спортзалды курууну колдоо максатында, Сооронбай Жээнбековдун фондунан 1,5 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочуларды спортзалдын ачылышы менен куттуктап, Аксы районунда башка аймактардагыдай эле социалдык объекттер курулуп жатканын эске салды.

Ал дагы бир жолу Аксы окуяларынын Кыргызстандагы эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөштөгү маанисине токтолуп, келечекте мындай трагедиялар кайталанбашын каалады.

Copyright © 2017 Maral FM