Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Азыркы бийлик Бакиевдин бийлигин туураганы албетте өкүнүчтүү

Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 957 | 0

Бүгүн, 17-мартта «Медиа-Форум» имаратынын алдында Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы болду. Иш-чара курман болгондорго багышталып куран окуу менен баштаып, ага беш жүзгө жакын адам катышты.

Иш-чарага экс-президент Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, мурдагы элчи Кылычбек Султан катышты.

Эскерүү иш-чаранын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевге сөз берилип, ал азыркы бийликти Бакиевдин бийлигин туураганын айтты.

«Жыл сайын Аксы окуясына куран окутуп жатабыз, тилекке каршы аны да саясат кылып, барбагыла, тигиндей мындай деп азыркы бийлик Бакиевдин бийлигин туураганы албетте  өкүнүчтүү. Аксы окуясы кыргыз тарыхында өзгөчө орду бар. Анткени, бул окуя болбосо андан кийинки ири 2 революция болмок эмес. Аксы окуясында каза болгондор — эл эркин сүйлөсүн, талабын ачык айтсын деп алгачкы каза болгондор болду. Бул окуянын себеби кытай-кыргыз чек араларын тактоо иштери жүрүп жатып, 1994-жылы кол коюлган келишимдин негизинде 120 гектар жер, Үзөңгү-Куш тоосу кошо берилген. Муну парламентте ачык айтып чыккандарды бийлик каматкан. 1916-жылы Кытайга качкан ата-бабалардын сөөгү калган Үзөңгү-Куш берилип кеткен. Буга аксылыктар көтөрүлгөн,»-деди Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле азыркы бийликтин Атамбаевге барбагыла деп жатканын айтып, Жээнбековдор жылуу жумшак отурганда Акаевдин бийлигине каршы чыккандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM