Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Аксы окуясы эскерилди (сүрөт)

Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 792 | 0

Бүгүн, 17-мартта Бишкекте Аксы окуясынын 17 жылдыгын белгилөө иш-чарасы өттү. Борбордук аянтка 500гө жакын эл чогулду. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрөгасы Дастан Жумабеков, экс-президент Роза Отунбаева жана  Аксы окуясында каза болгон жарандардын жакындары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты.

Иш-чарада курман болгондордун элесине арналып Куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү болуп, эстеликке гүл коюлду.

Эске салсак, Аксы окуясы Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылып кеткенине нааразылыктан чыккан окуя катары сыпатталат. 2002-жылы 5-январда ошондогу Жогорку Кеңештин депутаты, президентке импичмент жарыялоо ниетин билдирген Азимбек Бекназаров камакка алынган. Аны бошотуу, жерди кайтарып алуу талаптары коюлган нааразылыктар кан төгүүгө алып келген. 17-мартта куралсыз демонстранттарга тартип коргоо органдары ок чыгарган. Алты киши мерт кетип, кийин аларды колдоп ачкачылыкка чыккан дагы бир жаран көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM