Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм

Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 881 | 0

Эгемендиктин жылдарында үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ар кандай түрлөрү, мамлекетти уюшкан мафия башкарган да мезгил болгонун Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерүү митингинде билдирди.

«Биз элибиздин мүдөөсүн жакшы билебиз. Элибизде  «Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок“, деп эзелтеден бекеринен айтылган эмес. Мен баш болуп, 3 бийликтин бутагы муну эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекет башчы мыйзамды сыйлаган адилеттик коомду куруу керектигине токтолду.

«Куранда адилеттиктен тайбаган, Кудайдан корккон коом — адамзат турмушундагы эӊ жакшы коом болот деп айтылат. Биз мына ошондой таза, мыйзамды сыйлаган адилет коомду курабыз. Биз Кыргызстандын эгемендиги үчүн, элибиздин эркиндиги үчүн курман болгон мекендештерибиздин асыл максаттарын ишке ашырууга милдеттүүбүз. Жараткан өзү колдоп, ошол максатыбызга жетели!», — деди Сооронбай Жээнбеков

Copyright © 2017 Maral FM