Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Тарыхыбызда Аксы окуясы акыйкаттык үчүн күрөштүн башаты болду (сүрөт)

Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 475 | 0

«Тарыхыбызда Аксы окуясы акыйкаттык үчүн күрөштүн башаты болду», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерүү митингинде.

Митингде курман болгондордун элесине арналып Куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү болуп, эстеликке гүлчамбар коюлду.

Мамлекет башчысы 17 жыл мурда Аксы эли коррупцияга белчесинен баткан үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыкканын белгиледи.

«Бийлик адилеттик үчүн чыккан мекендештерибиздин жолун тороп, өз элине ок атты. Алты адамдын кырчындай өмүрү кыйылды. Көптөгөн адамдар жаракат алышты. Узакка созулган саясий ачкачылыктан дагы бир жараныбыз көз жумду. Бирок, атылган ок элибиздин эркин сындыра алган жок. Тескерисинче, эркиндик үчүн күрөштү күчөтүп, коомду ойготту, элди чыйралтты. Элдик нааразылыктын накта себептери жаап-жашырылып, жалган маалыматтар таратылса да, чындык элге жетти», — деди мамлекет башчы.

Ал баса белгилегендей, аксылыктардын жалындуу деми, болоттой бекем эрки элдин жүрөгүнөн орун тапты. Күч-кайрат берди. Адамдардын аң-сезиминде улуу бурулуш жасап, өлкөдөгү жаңы өзгөрүүлөргө жол ачты. Адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка каршы жалпы элдик күрөштүн башаты болуп калды. Адам укуктарын коргоого багытталган эң ири элдик акция катары тарыхта калды. Кийинки элдик эки революцияга дем, дух берди.

 

Copyright © 2017 Maral FM