Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы жол ачыла элек

Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 431 | 0

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жол ачыла элек. Бул тууралуу маалыматты Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүү Абиш Халмурзаев «Марал» радиосуна билдирди. Анын айтымында, учурда сүйлөшүү иштери дагы эле уланып жатат. Бирок кыргызстандыктар Аксай-Рават жолу аркылуу каттап атканын, унаа тыгыны жок экендигин маалымдады.

16-мартта саат 10:15те Кыргызстандын Дача айылында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Чек ара Кызматынын башчысы, ички иштер, транспорт жана жолдор министринин орун басарлары, баш прокурордун орун басары-аскер прокурору жана Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон топ сүйлөшүүгө келди.

Ал эми Тажикстан тараптан премьер-министрдин орун басары Иброхим Азим, УКМКнын Чек ара аскерлеринин башкы командачысы, баш прокурордун орун басары-аскер прокурору, Согди облусунун төрагасы, ички иштер министри, Согди облусунун прокурору, аскер прокурору, Республикалык жана облустук мамлекеттик каттоо кызматтарынын башчылары бар.

Жалпысынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу, элдин чогулганы байкалган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM