Биз менен байланышыңыз

Бишкектин батышындагы өрт чектөөгө алынды

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 880 | 0

Бишкектин батышындагы өрт чектөөгө алынды. ӨКМдин маалыматы боюнча, Архангельск көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 12:06 түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, Штаб жана Кризистик кырдалдарды башкаруу борборуна ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары жерине милициянын жана Тазалык ишканасынан суу ташуучу унаалары тартылган.

Өрттүн кесепетинен 1 турак жай бөлүгү менен, 2 турак жайдын чатыры, 1 оор жүк ташуучу унаа толугу менен, контейнер толугу менен күйгөн.

Өрт саат 13:18 чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүү иштери уланууда. Алдын ала, каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM