Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы: «Супер Инфо» кайра текшерүүгө документтерин 5 күндө бериши керек

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 853 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 6-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын токтомдорунун негизинде «Компьютер Пресс» ЖЧКсы — «Супер- Инфо” гезитинин ишин көчмө салыктык кайра текшерүүнү дайындады.

Кайра текшерүү 2013-жылдын 1-январынан баштап 2018-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгилдеги салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо предметине карата жүргүзүлөт.

Көчмө кайра текшерүүгө карата жазма буйрук ЖЧКнын коммерциялык директоруна үстүбүздөгү жылдын 11-мартында берилген.

Жазма буйрукту алгандан бери гезиттин өкүлдөрү кайра текшерүү үчүн баштапкы бухгалтердик документтерин берише элек. Буга байланыштуу, 13-мартта салык төлөөчүгө документтерин берүү жөнүндө чечим берилди.

Салык мыйзамдарына ылайык, «Супер-Инфо» гезити 5 жумушчу күндүн ичинде, тагыраагы, 20-мартка чейин, тиешелүү кайра текшерүү жүргүзүү үчүн суралган бардык документтерди берүүгө милдеттүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM