Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Абал туруктуу, жолдор жабык

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 1491 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Мындай маалыматты Чек ара кызматынан кабарлашты.

Кечээ күнкү саат 22:00дөн таңкы 6га чейин жарандардын тиреши катталган жок.

14-мартта Дача аймагында эки тараптын делегацияларынын жолугушуусу орун алды. Кыргызстандын атынан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана Ички иштер министринин орун басары барган. Тажик тараптан да ушундай эле жогорку кызматтагы өкүлдөр катышкан. Жолугушуу 15-мартта да улана турган болду.

Исфара-Ворух жана Кыргызстандын Баткен-Лейлек жолдору жабык бойдон калууда.

Чек ара кызматкерлери күч органдары менен бирге калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мындай иштер Тажикстан тарапта да болуп жатат.

Чек ара аймагындагы кырдаалдын курчуп кетпөөсү үчүн күч органдары күчөтүлгөн режимде кайтарып турушат.

Copyright © 2017 Maral FM