Биз менен байланышыңыз

Унаа токтотуучу жайлардын акысы бардык жерде бирдей болот

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Мар 2019 | 1011 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын «Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасы калаадагы унаа токтотуучу жайлардын тизмесин аныктап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин бөлүм башчысы Дастан Жолдошбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда унаа токтотуучу жайларды иретке келитирип, шарттарын жакшыртуу боюнча жобо даярдалууда. Ал жобо Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынса унаа токтотуучу жайлар бирдиктүү реестерге түшүрүлөт.

Натыйжада унаа токтотуучу жайлар «Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары»  ишканасы тарабынан толук көзөмөлгө алынат.

«Алдыда унаа токтотуучу жайлар аукциондун негизинде ишкерлерге бир жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Алардын баасы бардык жерде бирдей болот. Биз менен келишим түзгөн ишкер ошол нарк менен гана иш алып барууга милдеттүү. Мындай жайларды уюштурууга укуктуу адамдарга атайын талаптар коюлат. Алсак, убактылуу унаа токтотуучу жайларга шарт түзүп, тийиштүү белгилерди жана паркоматтарды коюшу керек. Талаптар аткарылбаган күндө келишим жокко чыгарылып, ишкер менен жумуш токтотулат», — дейт Жолдошбеков.

Анын билдиргенине караганда, эгерде талаптар толук аткарылса, ижара мөөнөтү дагы бир жылга узартылат.

Унаа токтотуучу жайлардан түшкөн каражат шаардык бюджетке которулат. Ал бир жылдык кирешенин негизинде эсептелет. Учурда автотоктотмолорго 10 сом, унаа токтотуучу жайларга 15 сомдон акы алынат. Бирок инфляцияга байланыштуу бааларды көтөрүү маселеси каралып жатат.

«Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары» ишканасы болжолдуу түрдө автотоктотмолорго 10 сом, ал эми унаа токтотуучу жайларга 20 сомдон каралары мүмкүн экенин белгилейт.

Бишкекте унаа токтотуучу жайлар боюнча жаңы ишкана ачылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM